Бүгүн, 24-октябрда, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр магистралдык каналынын башкы суу алуу курулмасында “мезгил кутучасын” салуу аземи болуп өттү. Бул иш-чара Куршаб-Сай ирригациялык системасын жаңылоо иштеринин башталышын белгилейт. Аталган долбоор аймактын айыл чарбасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев, министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору Алмаз Жээналиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ильяз Ташбаев, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Канат Табалдиев, Дүйнөлүк банктын суу менен камсыздоо жана санитария боюнча улук адиси, долбоордун жетекчиси Одeт Мукшинпуа, долбоордун жетекчиси Уланбек Торогельдиев, ошондой эле облустук жана райондук суу чарба башкармалыктарынын жетекчилери, подряддык жана консультациялык уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын, коомчулуктун жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү катышышты.
* Куршаб-Сай ирригациялык системасын модернизациялоого (жаңылоого) жалпы 1,788 млрд сом бѳлүнгѳн.
* Курулуш иштери Кара-Суу районунун 7 айыл аймагын жана 1 шаардын аймагын камтыйт.
* Жалпы узундугу 52,4 чакырымды түзгөн каналдардын ичинен 42,4 чакырымы толугу менен модернизацияланат.
“Долбоор аяктагандан кийин 13 миң гектардан ашуун айдоо аянттарынын сугат суу менен камсыздалышы жакшырмакчы.
Бул айыл чарбасынын түшүмдүүлүгүнө жана туруктуулугуна түздөн-түз таасир этет. Куршаб-Сай ирригациялык системасын жаңылоо миңдеген дыйкандарды туруктуу суу менен камсыз кылууга, сугат суунун пайдалануу натыйжалуулугун жогорулатууга жана айыл чарбасын климаттын өзгөрүүсүнѳ туруктуу болууга жардам берет,” — деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.
Бул иш-чара “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” (CRWSP) долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. Долбоор Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (МАР) тарабынан каржыланып, Дүйнөлүк банктын колдоосу аркасында ишке ашырылууда.


































#Климаттынөзгөрүүсүнөтуруктуусуучарбакызматтарынжакшыртуу
#Проектулучшенияводохозяйственныхуслугустойчивыхкизменениюклимата#ПУВУУИК
#ClimateResilientWaterResourcesServiveProject#CRWSP
#Minvodselprom_govkg#МВРСХППКР
