Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы «Ирригацияга инвестициялоонун улуттук программасы» долбоорунун социалдык-экологиялык маселелери боюнча төмөнкү алкактык документтерин маалымат үчүн жарыялайт.
Аталган долбоор боюнча Дүйнѳлүк банкттын экологиялык жана социалдык стандарттарынын талаптарына ылайык даярдалган 6 негизги документ менен шилтеме аркылуу ѳтүп, тааныша аласыздар.
“Ирригацияга инвестициялоонун улуттук программасы” долбоору жѳнүндѳ кыскача маалымат
«Ирригацияга инвестициялоонун улуттук программасы» (ИИУП) долбоору көп тараптуу донордук каржылоону тартуу, ирригациялык кызматтарды институционалдаштыруу жана ирригацияланган айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн жеке капиталды жана тажрыйбаны мобилизациялоо аркылуу ирригациялык секторго инвестицияларды климаттык туруктуулукту эске алуу менен координациялоо жана масштабдоо үчүн негиз түзөт.
Долбоордун максаты: тандалып алынган ирригациялык системаларда ирригациялык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн, натыйжалуулугун жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу.
Долбоордун жалпы наркы: 182 млн АКШ долларын түзѳт.
Долбоорду каржылоочу донорлору болуп Эл аралык ѳнүктүрүү ассоциациясы, Азия инфраструктуралык инвестиция банкы, Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн фонду жана Швейцария өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча агенттиги саналат.
Долбоорду ишке ашыруучу агенттиги болуп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү ѳнѳр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы мекемеси саналат.
Долбоорду ишке ашыруу мѳѳнѳтү 2027-2032-ж.
ИИУП долбоору суу жана айыл чарба секторлорундагы институттук реформалардын шарттарында инвестициялык каржылоону кеңейтүүгө, оптималдаштырууга жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган үч компоненттен турат.
1-компонент: Инфраструктуралык инвестициялар
Бул компонент төмөнкүдөй эки кичи компоненттен турат:
1.1-кичи компоненти: Ирригациялык жана дренаждык инфраструктураны модернизациялоо.
1.2-кичи компоненти: Сугат айыл чарбасы жана ички чарба системаларында сууну акылдуу башкаруу боюнча масштабдуу пилоттук долбоор.
2-компонент: Ирригациялык кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртуу
Бул компонент төмөндѳгүдөй үч кичи компоненттен турат:
2.1-кичи компоненти: Суу ресурстарын башкаруу жана ирригация боюнча улуттук кызматтар.
2.2-кичи компоненти: Райондук ирригациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу программасы.
2.3-кичи компоненти: Жеке секторду сугат дыйканчылыгындагы кошумча нарк чынжырына катышууга тартуу үчүн бүтүмдөрдү иштеп чыгуу жана коштоп жүрүү боюнча консультациялык колдоо.
3-компонент: Программаны башкарууну колдоо жана техникалык жардам.
Көчүрүү боюнча алкактык саясат ОПП НПИИ_RРF.PDF
Экологиялык жана социалдык милдеттер ПЭСО НПИИ ESCP.PDF
Кызыктар тараптар менен ПВЗС НПИИ SEP.PDF